Депутат: «13 жаштагы кызды зордуктаган милиция кызматкери 15 жылга эмес, 6 жылга эркинен ажыратылды»

13 жаштагы кызды зордуктаган милиция кызматкери 15 жылга эмес, 6 жылга кесилди. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев билдирди.

Ал Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин жыйынында билдиргендей, айыпталуучунун үч баласы бар экенине байланыштуу кыскартылган.

«Ага райондук сот 15 жыл, Жогорку Сот 6 жыл берди. Экинчисине 10 жыл эмес, 8 жыл берилди. Ошентип, алар жакында бошотулат. Баарыбыздын уул-кыздарыбыз бар. Милиция кызматкерлеринин жакындары жабырлануучунун үйүнө чейин келип, коркутуп-үркүтүшөт. Кызын күзөтчүлөр менен мектепке алып барышат. Алар кимге ишенерин билишпейт. Башкы прокуратура, Нургүл Бакирова бул ишке көңүл бургула», — деди Акаев.

Жогорку Соттун төрайымынын орун басары Нургүл Бакирова коллегиянын төрагасына маалымат берерин айтты.