Депутат аймактардагы үйдүн бир чарчы метри 550 доллардан болорун кымбат деди

Кечээ, 12-июндагы Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин жыйынында «2023-жылдын 24-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган  Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы“ Кыргыз Республикасында турак жайды каржылоо” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндөгү» мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Мыйзам долбоорун экономика жана коммерция министринин орун басары Чоро Сейитов тааныштырды. Ал белгилегендей, Сауд өнүктүрүү фонду «Кыргыз Республикасындагы турак жайды каржылоо» долбоорун ишке ашыруу үчүн 25 жылдык мөөнөткө 375 миллион сауд риалы (100 миллион доллар эквиваленти) өлчөмүндө насыяны жылдык 1,5 пайыздык кредиттик комиссиясы, 5 жылдык жеңилдетилген мезгили менен 25 жылдык мөөнөткө берет. Программада 40 чарчы метрден 85 чарчы метрден чейин 3000 бирдик арзан турак жай куруу каралган. Долбоор 2028-жылдын аягына  чейин бүтөрү күтүлүүдө.

«Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК тартылган финансылык каражаттардын оператору болот, жер участокторун берет жана «Менин үйүм 2021-2026» программасынын катышуучулары саналган Кыргызстандын жарандарына жеткиликтүү турак жайдын курулушун каржылайт.

Талкууда депутат Лейла Лурова “Жеткиликтүү ипотека” багыты боюнча пайыздык ченди төмөндөтүүнү кайра карап чыгуу мүмкүнчүлүгү барбы деп сурады. «МИК» ААКтын төрайымы Аида Төлөгөнова Кыргыз жарандарынын чектелген категориясына арналган «Социалдык ипотека» жаңы багыты киргизилгенин, анын үстөгү 4 пайыз экенин билдирди.

Мыйзам долбоорун колдогон депутат Миргүл Темирбаева жарандар кандай шарттарда турак-жай программасынын катышуучусу болорун тактады. Муну менен катар ал долбоорду аймактарда ишке ашырууну активдештирүүнү, подряддык уюмдардын ишмердүүлүгүнө мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүүнү сунуштады. Депутат Нилуфар Алимжанова болсо жаштарды турак жай программасына катышуусун тандоодо колдоо маселесин көтөрдү. Ал эми депутат Жылдыз Таалайбек кызы турак-жайдын 1 чарчы метр баасы канча болорун сурады. Министрдин орун басары Чоро Сейитов 1 чарчы метрдин баасын 550 доллар болот деп жооп берди. Жылдыз Таалайбек кызы бул сумма аймактар ​​үчүн өтө эле көп деген пикирин кошумчалады.