“Элдик” депутаттык тобунун лидери, депутат Акылбек Түмөнбаев Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Токтоян айылына барды.
Эл өкүлүнүн катышуусунда Түп районунун жана Карсаев айыл аймагынын тийиштүү жетекчиликтери жана ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынан өкүлдөр менен биргеликте Токтоян айылындагы сел жууп кеткен каналдын жээгинде көчмө жыйын өттү. 22-июнда катуу жааган жаандан улам бул айылды сел каптап, турак жайларга жана сарайларга сел суусу кирип, үлүш жерлерди жууп кеткен. Табигый кырсыктан кийин эл өкүлү Акылбек Түмөнбаев жерине барып, ӨКМ, Айыл өкмөт өкүлдөрү менен жыйын куруп, селдин кесепетин жоюу боюнча тийиштүү тапшырмалар берилген.
Учурда атайын техникалардын жардамы менен айылдын этегинен Түп дарыясына чейин арык казылып, суу өтүүчү арыктар тазаланып, кеңейтилүүдө. Айыл өкмөт башчысынын айтымында, жалпысынан 1 чакырымдай арык казылат. “Бул иштер баш-аягы 10 күнгө созулат. Техникаларга күнүнө 300-500 литр күйүүчү май талап кылынууда, ушул маселе көйгөй жаратууда”,— дейт жергиликтүү бийлик. Депутат Акылбек Түмөнбаев арык тазалоочу, казуучу атайын техникаларга 1 тонна күйүүчү май жардам көрсөттү.











