«Коомдук транспортто көп жүрөм. Автотыгындар айдоочулардын сабырын сыноодо». Бул тууралуу депутат Нилуфар Алимжанова кечээ, 22-декабрда «Парламент» радиосунда билдирди.
«Таза абаны камсыздоого жолтоо болгон себептердин бири транспорттордон чыккан зыяндуу түтүндөр. Андыктан, унаа каттамдарын иретке салуу биринчи зарылчылык болуп турат. Бул боюнча бир топ суроолорго жооп алуу үчүн парламент жыйынына чакырылган шаар жетекчилигине кайрылып, атап айтканда мэрдин коомдук транспорттордун кызматынан пайдаланаар-пайдаланбастыгын билгим келди. Кайтарылган жоопко караганда, шаар башчысы дем алуу күндөрү гана коомдук унааларга түшөрүн айтты. Чындап келсе, эс алуу күндөрү анчалык автотыгындар пайда болбойт. Чыныгы турмуш картинасынын чыңалуусу байкалбай калышы толук мүмкүн. Ошондуктан, коомдук транспортто көп каттаган өкүл катары реалдуу картинада автотыгындар бир гана экологияга эле эмес, айдоочулардын сабырын сынаган жагдайга да айланды», — деди эл өкүлү.










