Депутат артисттерди аттестациядан бошотууну сунуштады

Депутат Мирлан Самыйкожо маданият кызматкерлерин аттестациядан бошотууну сунуштады. Буга чейин 12 миңден ашуун маданият кызматкери аттестация тапшыра баштагандыгы маалымдалган

22-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында Самыйкожо аттестация кандай жана кандай максатта өтүп жатканын сурады. Маданият министри Алтынбек Максүтов квалификациялуу адистерди тандап алуу жана билим берүүнү жакшыртуу үчүн деп жооп берди.

«Негизи 3 жылда бир жолу аттестация өтүшү керек болчу. Биздин министрлик долбоорду 2011-жылы иштеп чыккан. Бизде көп көйгөйлөр бар. Ал эми кимдин диплому бар, кимде жок экенин аныктоо үчүн, балким, кимдир бирөө тааныш менен киргендир. Бул республика боюнча театрларда гана эмес, китепканаларда, маданият үйүнүн музыкалык окуу жайларында да жүрөт. Анткени бизде жаш курак чектелбейт”, — деп түшүндүрдү министр.

Эл өкүлү аттестациянын ордуна артисттердин укугун коргоону сунуштады. «Артисттерге карата аттестацияны алып салуу керек. Башка маселелерге көңүл буралы. Көркөм эксперттик комиссия бар, көркөм кеңеш бар. Аттестациядан бошотолу. Тескерисинче, биз аларды баалашыбыз керек. Башкаларды текшерсеңер болот», — деди Самыйкожо.