Депутат Шарапаткан Мажитова аялдарга паранжа кийүүгө тыюу салууну суранды. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Анын айтымында, бул маселе менен Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы алектениши керек.
«Ош шаарында 100 миң сомдук социалдык сертификаттарды таратып жатканыбызда ушундай жагдайга туш болдук. Көптөгөн аялдар ал жерге паранжа кийип келишти. Алардын көздөрү гана көрүнөт. Муфтиятка кайрылам жоолук салышсын, бирок оронбошсун. Бул маселе боюнча тапшырма бергиле», — деди Шарапаткан Мажитова.