Бүгүн, 22-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эрулан Кокулов балдар ооруканасында дарыгерлер электрондук тамеки чегип жатканын айтып, чара көрүүнү суранды.
Анын айтымында, мындай учур Бишкектеги №3 балдар ооруканасы менен Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда катталган.
Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Медербек Исмаилов көзөмөлгө алууну убадалады.