Депутат: «Баткенге жардам катары парламент чогулткан акча башка эсепке которулуп кеткен»

Депутат Кундузбек Сулайманов Жогорку Кеңештин жыйынында Баткенге деп депутаттар чогулткан акча башка жакка кеткенин айтты.

«Баткен боюнча маселе бардыгынын жүрөгүндөгү маселе болуп жатат. Мына эшикте кар жаап жатат. Тигил жер деле жылуу эмес. Былтыр мен Жогорку Кеңеште чогултулган акча кандайдыр бир себеп менен башка жакка кеткен деп айттым эле. Ушул боюнча такыр маалымат ала албай койдум. Ким муну көзөмөлдөп жатат?» — деди ал.