Депутат билим берүү министрине фейктерди “басып”, колдоо көрсөтүп жатканын айтты

Депутат Жеңишбек Токторбаев Жогорку Кеңештин жыйынында фейктерди “басып” билим берүү министрине жардам берип жатканын айтты.

«Каныбек Капашович, жумуштар жакшыбы? Жылыштар бар. Интернеттен көрүп, сизге колдоо көрсөтүп, фейктерди “басып” жатабыз»,- деди ал.