Депутат: «Бишкекте 100 миң балага мектеп жетишпейт»

«Бишкекте 100 миң балага мектеп жетишпейт, ошондой эле сандагы наристеге бала бакча да жетишпейт». Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев билдирди.

«Учурда бул маселе курч көйгөй болуп турат. Бүгүн билим берүү тармагындагы инфраструктураны өнүктүрүү боюнча жеке демилгени мамлекеттик колдоо чаралары жөнүндө токтом долбоорун күн тартибине акыркы маселе кылып киргизүүнү суранам. Бишкекте жылдап бош жаткан ондогон-жүздөгөн имараттар бар. Ошонун баарын мектеп жана бала бакчаларга берүү боюнча өкмөткө тапшырма берүү керек», — деди депутат.