Депутат: «Биздеги сулуулук салондордон гепатит жугузса болот»

Дары-дармек менен камсыздоо департаментинин сулуулук салондорун текшерүүгө укугу жок. Бул тууралуу бүгүн, 12-декабрда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында аталган департаменттин жетекчиси Айнура Абалиева билдирди.

Анын айтымында, салондордо колдонулган косметикалык каражаттар Дары-дармек менен камсыздоо департаментинин каттоосунан өтүшү керек. «Ботокс — бул дары, гиалурон кислотасы — медициналык каражат. Аларды реестрге киргизгенден кийин колдонууга болот. Бирок контрабанда фактылары бар. Департамент фармацевтикалык лицензиясы бар дарыларды гана көзөмөлдөй алат. Биздин салондорду текшерүүгө укугубуз жок», — деди ал.

Депутат Жылдыз Садырбаева гепатиттин вирусу кургак ысытууда өлөбү деген суроо салды. «Гепатиттин вирусу стерилизацияда, автоклавда бир сааттын ичинде өлөт», — деп жооп беришти Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү.

«Бул биздин бардык сулуулук салондорубузда эреже сакталбайт дегенди билдирет, анткени биздин бир дагы салондо автоклав жок. Алардын бардыгында ысытуучу гана шкаф бар. Башкача айтканда, бул манипуляциялардын баары адам үчүн өтө кооптуу. А биз мунун баарын көзөмөлгө албайбыз. Көптөгөн стоматологиялык мекемелерде да, клиникаларда автоклав жок», — деди депутат.