Депутат Эльвира Сурабалдиева кесиптеши Чыңгыз Айдарбековду таппай жатышканын жазды

Депутат Эльвира Сурабалдиева буга чейин УКМК тарабынан кармалганы айтылган Чыңгыз Айдарбековду таба албай жатканын билдирди.

«Чыңгыз Айдарбеков эч жерде жок, таппай жатабыз. Кечээтен бери байланышпай жатат. УКМК унчукпайт», — деп жазды ал. 

Айдарбеков кесиптеши Эмил Жамгырчиев 27-ноябрга караган түнү кыргыз-казак чек арасынан өтмөкчү болгондо «Ак-Жол» көзөмөл-өткөрүү пунктунан кармалган. Алардын УКМКга жеткирилгени маалымдалган. Кийинчерээк Жамгырчиевдин бошотулганы маалымдалган.