Депутат Эмил Жамгырчиев атасынын оорусуна байланыштуу эмгек өргүүгө чыкканы маалым болду

Депутат Эмил Жамгырчиев атасынын оорусуна байланыштуу эмгек өргүүсүнө чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 13-декабрда Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жетекчиси Сүйүнбек Өмүрзаков билдирди.

Комитеттин төрагасынын айтымында, эмгек өргүүсүнө байланыштуу Жамгырчиев жыйынга катыша албайт.

27-ноябрда  Эмил Жамгырчиев менен Чыңгыз Айдарбековдун УКМК тарабынан кармалганы маалымдалган.  Эльвира Сурабалдиева өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына Жамгырчиевдин бошотулганын жазган. Ал эми УКМК маалымат таратып, эл өкүлүнүн дайынсыз болуп жатканын билдирген. Депутат 12-декабрда Орусияда Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата уюштурулган турнирге барды.