Депутат: «Эртең менен үйдө жарык жок, чай да иче алган жокпуз»

Энергетика министрлиги жарыктын улам өчүп калуусун «бул маал-маалы менен өчүрүү эмес, бул жөнгө салуу» деп атап жатат. Мындан улам, депутаттарга «Сиз буга кошуласызбы? Өкмөттүн бул жааттагы даярдыгы жетиштүү болду деп эсептейсизби? Сиздин үйүңүздө деле жарык өчүп жатабы?» деген суроолор менен кайрылдык.

Депутат Алишер Эрбаевдин айтымында, өкмөт кышка даяр экенин айтышкан. «Биз деле элдин катарындабыз да, бизде да жарык өчүп жатат. Эл көргөн көйгөйдү мен деле көрүп жатам. Эртең менен 6:30да турсам жарык жок экен, чай да иче алган жокпуз. Телефондун жарыгы менен кийинип, сакал-мурут алып, жумушка келдим»,- деди депутат.