Депутат Эрулан Кокуловдун клубда тартылган видеосу тарап жатат

Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Кокуловдун Бишкектеги клубда тартылган видеосу тарап жатат. Маалыматтарга караганда, аны клубга кепка, курткасы менен киргизбей коюшкан.

Кокулов өзү да анын кепкасын жана күрмөсүн чечүүнү талап кылганын билдирди. Бул анын укугун бузуу деп эсептейт. Видеонун автору депутат милицияга телефон чалганын билдирген. «Ооба. Биринчиден, мен милицияга депутат катары эмес, Кыргыз жараны катары кайрылдым», — деп түшүндүрдү Кокулов.