Депутат: «Интернетте 6 жашар кыздын ачкалыктан каза болушу талкууланууда. Бул чынбы?»

«Социалдык тармактарда 6 жашар кыздын ачкачылыктан каза болушу талкууланууда. Чын эле ушундайбы?». Мындай суроону депутат Жылдыз Садырбаева Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында социалдык камсыздоо министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаевге берди.

«Бул окуя эмне болду? Ал силерде катталганбы?» – депутат чиновникке кайрылды.

Базарбаев кыз бакубат үй-бүлөдө жашап жатканын, ата-энеси жакында эле Орусияга кеткенин айтты. «Биздин маалыматыбыз боюнча, кыз айына жетпей төрөлгөн, ооруп жаткан. Ал бизде каттоодо жок болчу», — деди ал.

«6 жашка чейин эрте төрөлүүнүн бардык белгилери жоголот жана бул убакта баланы ара төрөлгөн деп эсептөөгө болбойт. Ата-энеси миграцияда жүрүп, 18 жаштагы эженин көзөмөлүндө болсо, эмне үчүн каттоого алынган эмес?» — деди Садырбаева.

«Ал каттоого алынган эмес, үй-бүлө толук кандуу, аялуу же муктаж деп эсептелген эмес. Бизде ачкачылыктан каза болду деген маалымат жок. Эжеси ооруп жатканын айтты. Дарыгерлерге көрсөтүштү, дарыларды жазып беришти. Анан алар ооруканага барышкан эмес», — деди министрдин орун басары. Ал ошондой эле диагнозу тууралуу кийинчерээк маалымат берерин айтты. 

16-январда Саламаттыкты сактоо министрлигинин Чүй облусу боюнча координатору Бактыгүл Мамытова Жайылда ооруканада 6 жаштагы кыздын каза болгонун билдирген. Жайыл райондук жалпы дарыгердик практика борборунун директору Айнура Имашеванын айтымында, кыз ооруканага 14-январда түшкөн жана салмагы 12 килограмм гана болгон.