Депутат жол жээгиндеги жарнамалардан жылаңач кыздардын сүрөтүн алып салууну суранды

Бүгүн, 19-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков жол жээгиндеги жарнак мамысы жол коопсуздугуна тийгизген таасири жөнүндө суроо салды.

Суроого ИИМдин жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Азамат Исраилов жооп берди. «Жарнак мамысы коюлгуча макулдашуудан өтөт. Биздин дагы атайын кызмат бар. Изилдеп туруп, уруксат берет. Кооптууларын алып турабыз», — деди ал.

«Жылаңач кыздардын сүрөттөрүн да алып койгулачы», — деди депутат.