Депутат Жусупбек Коргонбай уулу аялдардын абагына барып, алардын арыз-муңун угуп келди

Депутат Жусупбек Коргонбай уулу Кыйноолордун алдын алуу борборунун директору Бакыт Рысбеков менен бирге №2 мекемесиндеги аялдардын жашоо шарты, ошондой эле алар жасаган жумуштары менен таанышып чыгышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештен билдиришти.

Жолугушууда абактагы аялдар депутатка өздөрүнүн көйгөлүү маселелерин көтөрүп, ошондой эле шарттуу бошотуу боюнча маселе бар экенин айтып, соттордун айрым чечимдерине байланыштуу нааразычылык билдирип даттанышты.

Жусупбек Коргонбай уулу абактагы аялдардын арыз-муңун угуп тиешелүү тармактарга жеткирерин убада кылган. №2 абакта ар кандай кырдаалдан улам кармалган аялдардын арасында ымыркай балалуулары дагы бар.