Депутат: «Жыл сайын 3 миңдей жөө жүргүнчүнү сүзүп кетишет»

Бүгүн, 7-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бакыт Тентишев «Кыргызстанда жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кеткен жол кырсыктарынын көрсөткүчүн талдоону карасак, 2020-жылдан 2022-жылга чейин жыл сайын жөө жүргүнчүлөрдү сүзгөн 3 миңге жакын учур катталат. Жол кырсыктарынын жарымы жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктө орун алып, анын ичинде көпчүлүгү айдоочулардын күнөөсү менен болгон. Жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктөр эң чоң көйгөй. Аны чечүү толук мүмкүн, бирок ал үчүн инвестиция жана комплекстүү мамиле керек» деди.

Ал белгилегендей, жол жүрүүдө караңгыда жөө жүргүнчүнүн көрүнбөй калышы курч көйгөйлөрдүн бири болуп саналат. «Статистикалык маалыматтарга ылайык, түнкүсүн жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кетүү күнүмдүк көрсөткүчтөн ашып, түндө адам өмүрүн алган жана жаракат келтирген учурлардын коркунучу өтө жогору. Дал ушул мезгилге каза болгондор жөө жүргүнчүлөрдүн үчтөн экисинен ашыгына туура келет», — деди депутат.

Депутат Транспорт жана коммуникациялар министрлигине адистештирилген маркировкалоочу жабдууларды сатып алууну сунуштады, бирок министрлик учурда жогоруда аталган жабдууларды сатып алуу каралбай жатканын белгиледи. «Жөө жүргүнчүлөр үчүн өтмөккө коюлган проектор түнкүсүн жолдун жүрүүчү бөлүгүн жарыктандырат. Колдонмонун бул түрү учурдагы белгилерди алмаштырбайт, бирок аны кечинде жана түнкүсүн гана көрсөтүп турат. Бул технологиянын аркасында жол чийме 100-150 метрге чейин байкалып, көңүлүңүздү өзүнө бурат. Проектор жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жердин үстүнө же жанына орнотулат. Азыртан эле өлкө боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо тармагында масштабдуу модернизациялоону жүргүзүү, тактап айтканда, мамлекеттик органдар жана ведомстволор тарабынан болжолдонгон жөө адамдар өтүүчү өтмөктөрдү киргизүү зарыл. Өзгөчө жол чийиндеринин топтомунун баасы ар кандай жеткирип берүүчүлөрдө экиден үч миң долларга чейин өзгөрөт, бирок мен бааларга мониторинг жасап, 500 долларга буйрутма кыла алдым. Себеби, өтө зарыл болгон жабдуулардын баасы алгылыктуу жана көптөгөн адамдардын өмүрүн сактап кала алат”, — деп белгиледи депутат Бакыт Тентишев.