Депутат Кадамжайдагы кыздын өлтүрүлүшү боюнча: «Шектүүлөр мас абалында болгонбу?»

Депутат Таалайбек Масабиров комитет жыйынында «Кадамжайдагы кызды өлтүрүүгө шектелгендер кылмыш жасап жатканда мас абалында болгонбу?» деген суроо узатты.

«Бир эле суроом бар. Шектүүлөр мас абалында же кандайдыр бир абалда болгонбу? Соо адам эч качан мындайга барбайт»,- деди ал.

ИИМдин башчысынын орун басары экспертиза дайындалганы, ошонун жыйынтыгы менен шектүүлөрдүн ошондогу психикалык абалы аныкталарын айтты.