Депутат Бактыяр Калпаевдин айтымында, Баткен облусунун Кадамжай районундагы Молдо Нияз айыл өкмөтүнө караштуу Умай Эне айылында балдар ашар жолу менен салынган мектепте билим алышууда. Ошондой эле мындай оор шарттагы мектеп Кызыл-Жол айылында да бар. Мектепке 200дөй бала батпагандыктан, башка айылга барып окууга аргасыз экенин айтты.
БУУӨП жана Агартуу министрлиги өлкөнүн мектептеринде климаттык билим берүүнү өнүктүрүүдө
Климаттын өзгөрүшү — бүгүнкү күндүн эң олуттуу глобалдык көйгөйлөрүнүн бири. Анын кесепеттери дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө байкалууда. Казылып алынуучу отундарды колдонуу...











