Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев менен өкмөттүн Чүй облусундагы мурдагы өкүлү Туйгунаалы Абдраимов сурактан чыгышты. Исаев сурак интернетке тараган видео боюнча жүргөнүн айтты. Ал эми Абдраимов комментарий берүүдөн баш тартты.
Буга чейин соцтармактарда бир канча коомдук ишмерлердин президент Садыр Жапаровго жолдогон кайрылуусу тараган. Кайрылууда өкмөттүн Чүй облусундагы мурдагы өкүлү Туйгунаалы Абдраимов, депутаттар Бакыт Жетигенов, Жанар Акаев, Алтынбек Сулайманов, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов, экс-депутаттар Исмаил Исаков, Ахматбек Келдибеков, Жылдызкан Жолдошова жана Азамат Мусакеевдин 17-сентябрь күнү 100 миң киши алып чыгып, бийликти алмаштырабыз деген чакырык менен ЖМКларга маек бергени жазылган.