Депутат Каныбек Иманалиевге: «Нарын дарыясынан крокодил табылдыбы?»

«Нарын дарыясынан крокодил табылдыбы?» – деп суроо салды депутат Арсланбек Малиев билим берүү министринин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиевге Жогорку Кеңештин жыйынында.

Иманалиев крокодил эле эмес, балык табылбаганын айтты.

“Билим берүү тармагында Конституциянын бардык принциптерин аткара аласызбы?” — деп сурады Малиев.

«Ооба» деп жооп берди Каныбек Иманалиев.

Крокодилдер тууралуу сөздү 2019-жылы июнь айында Каныбек Иманалиев Жогорку Кеңештин депутаты болуп турганда айткан.