Депутат: «Кыргызстандын курама командасын мелдешке 5 миң доллар карыз алып жөнөттүк»

«Кыргызстандын бокс боюнча курама командасы Бангкоктогу мелдештерге акча алмаштыруу жайынан карызга акча алып жөнөтүлдү». Бул тууралуу бүгүн, 16-январда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында бокс федерациясынын вице-президенти, депутат Жусупбек Коргонбай уулу билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик органдар акчаны өз убагында бөлбөгөндүктөн, алар акча алмаштыруучу жайдан 5 миң доллар алууга аргасыз болгон. Аларга УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев да жардам берген.

«Спортчуларды мамлекеттен бир сом албай, кыйынчылык менен жөнөттүк. Ошол эле учурда мен Иорданияда, Оман шаарында болгом. Ал жерде Маданият министрлигинин спорт бөлүмүнүн үч кызматкери бар болчу. Эмне үчүн деп сурадым. Көрсө, алар спортчуларга бөлүнгөн каражат менен келишкен экен», — деди депутат. 

Финансы министринин орун басары Жибек Дүйшеева агенттик спорт бөлүмүнө каражат которгондугун айтты. Бирок башкармалыктын башчысы Канат Шабданов каржылоо 11-январда гана ачылганын, башкармалык каражатты, анын ичинде мушкерлерге да бөлүштүрүүгө үлгүрбөй жатканын белгиледи.