«Туристтерге көрсөтө турган тарыхый, маданий жайларыбыз саналуу». Бул тууралуу кечээ, 22-декабрда Жогорку Кеңештин депутаты Шарапаткан Мажитова жыйында билдирди.
Туризм жаатында атайын департамент жана фонд түзүлгөнүн эске салган эл өкүлү: “Министрлер кабинетинин, тиешелүү министрликтердин отчетунда иш жүрүп жаткандай маалыматтарды алып жатабыз. Бирок иш жүзүндө туристтер келгенде көрсөтө турган эл аралык талапка жооп берген тейлөө, инфраструктура, эң негизгиси реставрацияланган, кызыктуу, тарыхый, маданий жайларыбыз саналуу гана”, – деди.
Муну менен катар дүйнөлүк мурастардын катарында турган эстеликтерди кароого жана туристтер үчүн инфраструктуралык объекттерди курууга акыркы 13 жылда каражат бөлүнбөгөндүгүн айткан Шарапаткан Мажитова Министрлер кабинетин аталган маселеге көңүл бурууга чакырып, “Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндөгү” мыйзамды да жаңылоо керектигин кошумчалады. Ошондой эле бул жаатта иш алып барууга жеке өнөктөштөрдү да тартуу зарылчылыгына токтолду.









