Депутат Маматалиев Бишкектеги жол тыгын окуучулардан улам болорун айтты

Бүгүн, 3-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйында депутат Марлен Маматалиев Бишкектеги жол тыгын окуучулардан улам болорун айтты.

«Декабрда Бишкекке 120 автобус келет экен, дагы 400дөй автобусту алуу боюнча өкмөттүн макулдугу күтүлүп жатыптыр. Ушуга бат макулдук берилсе… Бул маселенин чечилиши менен тарифтерди көтөрбөө, түтүн каптоо жана жол тыгыны да чечилмек. Мен буга чейин мектеп автобустарын пилоттук долбоор катары жүргүзүп көрөлү дедим эле. Бул жол тыгынын чечмек. Мына азыр балдар каникулда, шаарда жол тыгыны кескин азайды. 200 миңдей окуучу бар экен, жок дегенде, 50 миңин ары-бери ташыйбыз», — деди депутат.