Бүгүн, 3-февралда Жогорку Кеңештин депутаттары Улукбек Марипов баштаган өкмөттүн жаңы курамын карап жатышат.
Жыйындын жүрүшүндө депутат Рыскелди Момбеков Улукбек Мариповго “Сизге энергетика министрин ким сунуштады?” деген суроону узатты.
Момбековдун айтымында, сунушталып жаткан министр Темир Сариев премьер болуп турганда, анын кеңешчиси болчу. Сариев министрликти жоюп салып, холдингди алып келген.
“Бул адамды президенттин энергетика боюнча кеңешчиси сунуштады. Бирок бул адамды мен да жакшы билем. Кеңешип бир чечимге келдик”,- деди Марипов.
Момбеков: Холдингдин эртеңки маселеси кандай болот?
Марипов: Бул боюнча кечээ да айтып өткөм, акционердик коом боюнча бир-эки маселени өзгөртүү керек экен. Тогуз энерго ишкана боюнча өзгөртүү киргизүү керек экен. Тактап айтканда, 27 директорлор кеңешинин ордуна 3 директорлор кеңеши калат.










