Депутат: «Москва районунда 70 миң тонна сабиз турат. Бүгүнкү баа 5 сом!»

«Москва районунда 70 миң тонна сабиз турат. Бүгүнкү баа 5 сом!». Бул тууралуу бүгүн, 13-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Карим Ханжеза билдирди.

«Москва районунда бүгүнкү күндө болжолдуу 70 миң тонна сабиз турат. Анын баасы болсо азыр 5 сомдон. Бирок өлкөдөн алып чыгуу жок болууда. Эки жыл мурда сабиздин баасы 100 сомго чейин чыккан. Кандай жардам берсе болот? Дагы эки айдай сактаса болот», — деп депутат Айыл чарба министринен сурады.

«Кошуна өлкөлөрдө элчиликтер, консулдуктар бар. Бул жыйындан чыгарыбыз менен бул маселе боюнча иш алып барабыз. Албетте, башкы рынок Орусия. Биздин пияз менен сабиз ошол жакка кетет», — деди министр Аскарбек Жаныбеков.

«Быйыл сабиз эгип келгендердин 80 пайызы кызылчага өтүп кетти. Эки жыл удаасы менен сабиз эккен дыйкандар чыгаша болуп жатат», — деди депутат.