Депутат Мирлан Самыйкожо элдин жүрөгүнүн үшүн алган кезектеги окуя тууралуу үн катты. Ал кулак-мурду кескиленген келиндин окуясынан улам аялдарга болуп жаткан зомбулук боюнча маалымат таратып жаткандарга чара көрүүнү суранды. «Собол TIME» рубрикасынын кезектеги чыгарылышын толугу менен видеодон көрүңүз.
«Бизде маалымат таратуучулар негативди көбүрөөк издейт. Анткени көрүү көбүрөөк болот экен. Аялдардын укугу боюнча мектептен баштап таалим-тарбия керек окшойт. Биз бала кезде «аялды сыйла, аялды алдыга өткөр» деген таалимдер болот эле. Кийинки мезгилде соода, бизнес алдыга чыгып кетти. Кулак-мурду кесилген карындашыбыздын тагдырынан улам айтылды окшойт. Мен апасына барып көңүл айтып келдим. Апасы менен баарлашып отурдук. Дарыларды ичпеңиз, андан көрө таза абада басыңыз, жүрөктү тынчытыңыз деп барып келдик»,- деди депутат Нуржигит Кадырбеков.