Бүгүн, 24-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Эрнис Айдаралиев Министрлер кабинетинен Орусияда 12 жылдан бери камакта жаткан кыргызстандык жаранга жардам берүүнү суранды.
Депутаттын айтымында, жаран баңгизат сатуу боюнча жалган жалаа менен отурат. Кармоо учурунда жаш болуп, орус тилин да жакшы билген эмес. Депутат ушул ишти көзөмөлгө алууну суранды.