Депутат: «Сабырбек Жумабековдун да, Алымкадыр Бейшеналиевдин да өз чындыгы бар»

Бир аптадан бери 4-оорукананын мурдагы директору Сабырбек Жумабеков менен саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин тиреши уланып келет.

Мындан улам SUPERTV каналы Жогорку Кеңештин депутаттарына «Бишкек Травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборун Тез жардам ооруканасы кылып өзгөртүүгө кандай көз караштасыз? Сабырбек Жумабеков менен Алымкадыр Бейшеналиевдин тирешинде чындык ким тарапта деп ойлойсуз?» деген суроо менен кайрылдык.

Депутат Русланбек Жакышевдин айтымында, Бишкек шаарына Тез жардам ооруканасы керек. «Эки тарапта тең чындык бар. Сабырбек Жумабековдун да, Алымкадыр Бейшеналиевдин да өз чындыгы бар. Кечээ министр «академик ордунда калат» деп айтты», — деди ал.