“Нарында 7 жаштагы кызды 60 жаштагы зөөкүр зордуктап өлтүрүп койгон. Учурда көзөмөлгө алынбай турат”. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо билдирди.
«Ушул жылы Нарында 7 жаштагы кыз баланы 60тан ашкан зөөкүр зордуктап өлтүрүп койду. Ошол көзөмөлгө алынбай турат. Бизде мыйзамда 60 жаштан ашкандан кийин өмүр бою эркинен ажыратууга болбойт деген бар экен. Жаңы сунушталып жаткан мыйзамга ушул жагдайды да киргизишибиз керек. Мындай зордукчулдар өмүр бою эркинен ажыратылышы зарыл», — деди ал.
Буга чейин Нарын райондук соту 7 жашар кыздын өлүмүнө айыпталган кишини 12 жылга эркинен ажыраткан. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Нарын облустук сотунан билдиришти.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги маркумдун атасынын бир тууганы менен байланышканыбызда, кийинки инстанцияга кайрылышканын тастыктап, соттун чечимине каршы экенин билдирди. «12 жыл деген аябай жеңил жаза. Өмүр бою эркинен ажыратылышы керек болчу», — деген агасы.