Нарын райондук соту 7 жашар кыздын өлүмүнө айыпталган кишини 12 жылга эркинен ажыратуу чечимин кабыл алды. Соттун өкүмү менен 64 жаштагы жаран жалпы режимдеги колонияда кармалат. Жабырлануучу тарап өкүмгө нааразылыгын билдирип, кийинки инстанцияга кайрылды. Иш облустук сотто кийинки аптада каралышы мүмкүн экени айтылды.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги маркумдун атасынын бир тууганы менен байланышканыбызда, кийинки инстанцияга кайрылышканын тастыктап, соттун чечимине каршы экенин билдирди. «12 жыл деген аябай жеңил жаза. Өмүр бою эркинен ажыратылышы керек болчу»,- деди агасы.
- 2023-жылдын 28-апрель күнү саат 21:00 чамасында Нарын районунун Орто-Нура айылынын тургуну милицияга 2016-жылы туулган кызы саат 15:30 чамасында мектептен чыгып, ошол бойдон үйүнө келбей жатканы тууралуу маалымдаган. Окуучу кыз Орто-Нура айылында жайгашкан үйүнөн мектепке жөө барып-келип окуп жүргөн. 28-апрель күнү саат 12:00 чамасында өзү жалгыз мектепке кетип, кайра саат 15:30да сабактан чыгып, болжол менен саат 17:00-17:30 аралыгында үйүнө келбей калгандыктан, апасы милиция кызматына билдирип жана айылдыктардын WhatsApp группасына кызы жок болуп жаткандыгы тууралуу жазган. Айылдын тургундары чогулуп издеп жүрүшүп, саат 22:10 чамасында кыздын жансыз денесин Орто-Нура айылында киши жашабаган үйдүн ичинен табышкан. Сыртынан кароо жүргүзүүдө күч колдонулган белгилери аныкталган.
- Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө, милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү делип, 1959-жылы туулган Орто-Нура айылынын тургуну мас абалында табылган.