Депутат: «Тажикстан курал-жарак алып келип, окоп казып жатышат»

Баткен облусунда «Головной» деген жер бар. Ошол жерге Тажик жарандары мечитеттерге курал-жарак ташып жатат деп жазып жатышат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сүйүнбек Өмүрзаков билдирди.

«Эми муну кандай түшүнсө болот? Курал-жарак алып келип, окоп казып жатышат. Баткенден жаш балдар келишти. Алар көрүп жатабыз, даярданып жатышат дейт. Оор техника алыска кеткен жок дейт. Унчукпай отура берсек эмне болот? Тез арада маалымат бериңиздер, сүйлөшүү жүргүзүү керек», — деди ал.