Депутат Тажикстандын кол салуусунан каза болгондор тууралуу тасма тартууну сунуштады

Баткен окуясында 50дөн ашык эр-азаматтарыбыз жанын келечек, мамлекет үчүн берди. Эми биздин милдетибиз аларды даңазалоо. Бул тууралуу депутат Таалайбек Сарыбашов билдирди.

«Тынч күндөр да келе жатат. Даңазалашыбыз керек. Мамлекет тарабынан каржылап, тынч күндөрү тасма тартышыбыз зарыл. Бишкек, Ош шаарындагы гүл бактарга ысымдарын ыйгаруу кажет. Топтолгон акчаларды штаб менен карап, үйлөрүн оңдоп, максаттуу иштетели», — деди ал.