Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиев Сербиянын Белград шаарында өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында байгелүү орундарды алган спортчуларды жана алардын машыктыруучуларын кабыл алды. Жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев да катышты.
Ташиев алгач балбандарды дүйнөлүк чемпионаттагы жеңиши менен куттуктап, бүтүндөй кыргызстандыктарга тартуулаган кубанычтуу көз ирмемдер олимпиада оюндарында да уланарына ишенимин билдирди. Ал дүйнө чемпиондору Айсулуу Тыныбековага, Акжол Махмудовго, Жоламан Шаршенбековго, күмүш медаль алган Айпери Медет кызына жана спорт чебери Мээрим Жуманазаровага акчалай сыйлыктарын тапшырып, алардын машыктыруучуларын Жогорку Кеңештин атынан Ыраазычылык каты менен сыйлады.