Депутат: «Таштанды полигондун үстүн жаап коюшту, газ чыгып жатат. Эртең жарылса эмне болот?»

«Бишкек полигонун барып карадыңарбы? Барып үстүн жаап койдуңар туурабы? Астындагы газ эмне болуп жатат?» деди депутат Аманкан Кенжебаев комитет жыйында.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын директорунун орун басары Бекжан Султангазиев газ чыгып турушу керегин айтты. Ал ошондой эле жергиликтүү өзүн башкаруу башкармалыктарын алар текшере албарын айтты.

«Мен таң калган нерсем, кайсы эл-журтту алдап жатабыз? Силер экономика министрлигине шылтоо кылып жатасыңар. Мэрия түтүндү жаап койдук деп жатат. Жакында жарылат ал жер. Адамдар каза болсо эмне болот? Элди алдаганды токтотпойлубу?» — деп урушту депутат.