Депутат Токторбаев: «Качан кыргыз ата-энесин таштачу эле?»

Депутат Жеңишбек Токторбаев Сузактагы карылар үйүнө барып келгенин айтты. Анын айтымында, ал жерде 92 кары болсо, ошонун 82си кыргыз.

«Бишкек шаарындагы карылар үйүндө 226 кары бар экен. Ошонун 45 пайызы кыргыз абышка-кемпирлер. Качан кыргыз ата-энесин таштады эле? Ошол кемпир-чалдар балдарынын төрүндө отура турган мезгилде карылар үйүндө отурат. Ушуну эске алып, балдарга тарбия берүү максатында УТРКдан чыгарбайлыбы. Каналды көрсөң дайыма концерт, жарым жылаңач кыздар… Баарыбыз чогулуп, ушул маселени көтөрөлү», — деди ал.