Депутат үч тилдүү билим берүү системасын киргизүүнү сунуштады

22-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Миргүл Темирбаева 3 тилдүү билим берүү системасын киргизүүнү сунуштады.

Ал Билим берүү министрлигине мектептерде, ЖОЖдордо жана бала бакчаларда 3 тилде окутууну киргизүү боюнча 2023-2030-жылдарга мамлекеттик программа иштеп чыгууну сунуштоодо. «Менин пикирим менин дарегиме резонанстуу комментарийлерди жаратышы мүмкүн», — деди Темирбаева.

Ал англис тилин келечектеги технологиянын жана илимдин тили деп эсептейт. «Реформа үчүн каражат керек экенин түшүнөм, бирок биз бүгүн баштасак, эл аралык уюмдар жардам берет. 3 тилдүү билим берүү системасына өтүү үчүн убакыт керек. Реформаларды жасап, алар үчүн эл аралык каражаттарды колдонууга убакыт келди. Сунуштун максаты — келечек муундун кыргыз, орус жана англис тилдеринде эркин сүйлөөгө шарт түзүү. Жаштарыбыз эл аралык аренада өз өнөрлөрүн көрсөтүшү үчүн маанилүү», — деди Темирбаева.

Депутат мамлекеттик тил катары кыргыз тилин, эл аралык байланыш үчүн орус тилин жана эл аралык экономиканы интеграциялоо үчүн англис тилин үйрөнүүнү сунуштады.