Депутат: «Ысык-Көлдөгү көпчүлүк пансионаттарда саркынды сууну тазалоочу курулмалар жок»

«Ысык-Көлдөгү көпчүлүк пансионаттар менен эс алуу үйлөрүндө саркынды сууну тазалоочу курулмалар жок» деп билдирди депутат Мейкинбек Абдалиев Жогорку Кеңештин жыйынында.

Анын айтымында, саркынды суулар баары көлгө кетет. «Стандартка жооп бербейт. Эгерде ушундай мамиле жасалса, Ысык-Көлгө конок эле эмес, өзүбүз да түшкүбүз келбей калат. Ар бир пансионаттын, эс алуу үйүнүн, санаторийдин, дарылоочу жайлардын курулмалары бар-жоктугун тийиштүү кызматтар текшерсин. Андай болбосо, алардын ишмердүүлүгүн улантууга мүмкүндүк бербеш керек. Ысык-Көлдү сактап калуу керек», — деди Абдалиев.