Депутат Жээнчороев Бишкектеги жол тыгынды азайтуу боюнча сунуштарын айтты
"Ачык маалымат булактарында ылайык, 2025-жылы Бишкек шаарында 617 миң чарчы метр турак жай пайдаланууга берилген. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 14,5 пайызга көп. 2027-жылы пайдаланууга бериле турган жаңы турак жайлардын көлөмү дээрлик 2,2 млн чарчы метрге жетери болжолдонууда. Ошондой эле ушул мезгилде шаарда 91 турак жай комплексин бүткөрүп, пайдаланууга берүү пландалууда". Бул тууралуу депутат Мирлан Жээнчороев билдирди.
Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында жалпы аянты 8,73 млн чарчы метрди түзгөн 315 турак жай комплекси бир мезгилде курулуп жатат. Акыркы жылдардагы курулуштун тездеши батирлердин, турак жай комплекстеринин жана жаңы конуштардын санынын көбөйүшүн билдирет. Бирок муну менен катар жол инфраструктурасына, таза суу менен камсыздоо, канализация жана электр тармактарына болгон жүктөм да өсүүдө. Мындан тышкары, шаарга жаңы мектептерди, бала бакчаларды жана башка социалдык объектилерди куруу зарылчылыгы жаралат. Ушуга байланыштуу шаар бийлиги жана шаар куруу саясатын жүргүзгөн тиешелүү жетекчилер бүгүнтөн тартып «15 мүнөттүк шаар» концепциясына өзгөчө көңүл бурушу зарыл.
Бул концепциянын негизги маңызы — шаардык чөйрөнү ар бир тургун күнүмдүк керектөөлөрүн канааттандыруучу негизги объектилерге 15 мүнөттүн ичинде жөө же велосипед менен жете ала тургандай кылып уюштуруу. Аларга мектептер, бала бакчалар, медициналык мекемелер, дүкөндөр, тейлөө кызматтары, сейил бактар жана эс алуу жайлары кирет. Концепциянын башкы максаты — шаар тургундарынын жашоо сапатын жогорулатуу жана транспорт системасына түшкөн жүктү азайтуу. Мындай ыкма ишке ашса, адамдар жумушка баруу, балдарын мектепке же бала бакчага жеткирүү, күнүмдүк керектүү товарларды сатып алуу үчүн алыс аралыктарды унаа менен басып өтүүгө мажбур болбойт. Натыйжада күнүмдүк унаа каттамдарынын саны кыскарып, жол тыгындары жана абанын булганышы азаят. Ошондой эле шаар тургундарынын убактысы үнөмдөлүп, активдүү жана ыңгайлуу жашоосуна шарт түзүлөт.