Депутаттар Ак Үйдөн түз эле Баткенге жөнөп жатышат (тизме)

Бүгүн парламенттин жыйынында депутаттар кыргыз-тажик чек арасындагы кол салуу боюнча маселени талкуулашууда. Жыйын жабык эшик артында өтүп жатат.

Депутат Акбөкөн Таштанбековдун айтымында, анын кесиптештери Баткен облусуна барганы жатышат. Бул маалыматты анын кесиптеши Тазабек Икрамов тастыктады. Анын айтымында, каалоочулар эл менен жолугушуу үчүн Баткенге барышат.

Баткен облусуна депутаттардын баары барбайт. Барары белгилүү болгон депутаттар:

  1. Акбөкөн Таштанбеков;
  2. Жалолидин Нурбаев;
  3. Нурбек Сыдыгалиев;
  4. Максатбек Сарбагышев;
  5. Шаирбек Ташиев;
  6. Тазабек Икрамов;
  7. Мирлан Самойкожо;
  8. Өмүрбек Бакиров;
  9. Нурлан Азыгалиев

Басма сөз кызматы билдиргендей, бул депутаттар автобус менен баруу ниетин билдиришкен, калгандары өз алдынча бара алышат.