Депутаттар Баткендеги чек арачылар жана тургундар менен жолугушту

Жогорку Кеңештин депутаттары Акылбек Түмөнбаев, Аманкан Кенжебаев, Тазабек Икрамов, Нурлан Ражабалиев, Мирлан Самыйкожо жана Акбөкөн Таштанбеков Баткен облусундагы кырдаалга байланыштуу жеринде иш алып барууда.

Эл өкүлдөрү Көк-Таш айылында чек арачылар жана милициянын атайын полку менен жолугушуп, мекен сакчыларына ыраазычылык билдиришти. Мындан тышкары депутаттар Максат, Достук, Арка, Жаштык жана Кулунду айылдарынан келген жарандар менен Маргун айылында жолугушту. Аталган айылдардын тургундарынын чек арага жана учурдагы абалга байланыштуу орчундуу көйгөйлөрүн угуп, аларга гуманитардык жана каржылык жардам көрсөтүштү.

Лейлек районунда жүргөн депутаттар Чыңгыз Ажибаев менен Камила Талиева Жаңы-Жер жана Маргун айылдарындагы жагдайды жеринде көрүп, эвакуацияланган эл менен жолугушту. Муну менен катар саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова менен байланышып, керектүү медициналык дары-дармектерди тез арада жеткирүү маселесин сүйлөштү. Жергиликтүү элди күйүүчү май жана гуманитардык жардамдар менен толук камсыздоо маселесин Министрлер кабинети менен да талкуулашты. Алсак айрым айылдарга гуманитардык жардамдар толук жеткириле элек. Тургундар менен өткөрүлгөн жолугушууларда башкы талап катары чек ара маселесин чечүү жана жеке мүлктү коргоо зарылчылыгы айтылды.

Баткендеги кырдаал боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан Бишкек жана Ош шаарларында атайын штаб түзүлгөн. Жергиликтүү тургундар аталган штабдарга кайрылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Өз кезегинде эл өкүлдөрү Баткен облусуна да барып, кырдаалга ылайык жеринде иш алып барууда.