Депутаттар Жогорку Кеңештин жыйынын телеканалдардан көрсөтүүнү токтотууга каршы чыгышты

1-ноябрда Жогорку Кеңеште Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйыны өттү. Депутаттар Жогорку Кеңештин жыйындарын «Пирамида» каналынан түз көрсөтүүнү токтотуу маселесин карашты. Баяндамачы Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Эркинбек Каимов болду.

«Жыл сайын 10 миллион сом бөлүнчү. Учурда ЖМКга 6 миллион сом карыз. 2020-жылдын январь айынан бери «Пирамида» каналында жыйын түз эфирде көрсөтүлбөй келет. Аларга жыл сайын 10 миллион сом, 2020-жылы 4 миллион сом бөлүнгөн. Азыр түз берүүлөр YouTube каналында жана Facebook баракчасында көрсөтүлүп жатат. Эми жыйынды «Пирамида» телеканалы аркылуу көрсөтүүнүн зарылчылыгы жок», — деди Каимов.

Депутат Бактыбек Сыдыков Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчисине эскертүү жасады. «Чечимдин өзү туура эмес. Керек эмес деген сиздин жеке оюңузбу? Же депутаттардыкыбы? Же биз ушунчалык өнүккөнбүзбү, ар бир үйдө интернет барбы? Шаарда баары интернет көрүшөт, айылда баары телевизор көрөт. Канча жер-жерлердеги жыйындарды телеканалдардан көрсөтүүнү суранып жатышат, сессияларды да көрсөтүү керек», — деди депутат.

Талкуунун жыйынтыгында депутаттар маселени күн тартибинен алып салышты.