Депутаттар кайда? Дастан Бекешев парламенттик жыйындан видео жарыялады

Депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин жыйынында тартылган видео менен бөлүштү. Видеодон жалпы жыйындар залында эл өкүлдөр дээрлик жокко эсе экенин көрүүгө болот.

Бүгүн, 16-ноябрдагы жыйында спикер Нурлан Шакиев жумушка себепсиз келбеген депутаттардын айлыгы кыркыларын айтты.