Депутаттык мандат ала турган Канатбек Маматов талапкерлердин тизмесинен чыкты

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы кечээ, 2-ноябрдагы жыйналышта «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Маматов Канатбек Мурзаевичти Жогорку Кеңештин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, чечим Маматовдун өз арызынын негизинде кабыл алынган.

Жогорку Cот Фархат Исмаиловго карата БШКнын чечиминин мыйзамдуулугу боюнча эки соттун чечимин күчүндө калтыргандан кийин Канатбек Маматов депутаттык мандат алышы керек болчу. Партиялык тизме боюнча кийинки орунда Чынберди Төлөнов турат.