«Дикий арман» деп атыккан кримтөбөлдүн жубайы кыргыз сулуусу экендиги талкууга түштү

«Дикий арман» деп атыккан кримтөбөл Арман Жумагелдиевдин жубайы кыргыз сулуусу Айкөл Аликжанова экендиги талкууга түштү. Жубайлар эки ай мурда кыздуу болгон. Бул тууралуу алардын соцтармактагы баракчаларынан улам маалым болду.

Айкөл Аликжанова модель жана актриса катары таанымал. «Кыргызстан сулуусу» сынагынын 2014-жылдагы жеңүүчүсү. 2016-жылы хиджаб кийип, ошого удаа эле кыз-келиндер үчүн мусулман кийимдеринин дизайнери катары тааныла баштаган. 2017-жылы турмушка чыккан, бирок жолдошу тууралуу маалымат ачыкталган эмес.

«Дикий Арман» деп атыккан кримтөбөл Арман Жумагелдиевдин 7-январда кармалганы маалым болгон.