Ырчы Димаш Кудайберген Чолпон-Атага «Мейкин Азия» эл аралык музыка фестивалына келди. Бул тууралуу ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раев билдирди.
«2013-жылы “Мейкин Азия” заманбап музыка фестивалынын биринчи баш байге жеңүүчүсү, касиеттүү Ысык-Көлдөн өнөр жылдызы жарык жанган Димаш 12 жылдан кийин алгачкы жолу келип олтурат. Димаш бул 12 жыл аралыгында дүйнөдөгү эң атактуу ырчыга айланды, дүйнөлүк сахналардын Алтын үнүнө айланды…
Димаш менен кай жерде жолукпайлы, өзү катышкан алгачкы “Мейкин Азияны”, Кыргызстанды жылуу маанай менен, өзгөчө сүйүү менен эскерет: Ал «өзүм жете албай жатсам да, жүрөгүм дайыма Кыргызстан менен Ысык-Көл менен, менин талантымды кастарлаган кыргыз музыка сүйүүчүлөр менен» деп бийик сый, бийик урматын байма-бай билдирип келет»,- деп жазды ал.