Социалдык тармактарда Чүй облусунун Беловодское айылында айдоочу жол тандабасын бейиттин үстүнө токтотуп койгон видео интернет тарап, кызуу талкуу жаратууда.
Видеонун автору түшүндүрүүгө аракет кылган. Айдоочу билбей эле унаасын токтотуп койгонун айткан. Милиция маалымат таратып, Москва райондук милициясынын кызматкерлери тарабынан Лексус-470 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусуна Укук бузуулар кодексинин 192-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде протокол түзүлгөнүн билдиришти.








