Диплому жасалма болушу мүмкүн болгон Жогорку Кеңештин депутаттары боюнча БШК чечим чыгара элек

Билим берүү министрлиги жасалма диплому болушу мүмкүн болгон эки депутат боюнча корутунду бере элек. Бул тууралуу БШКдан билдиришти. Алардын айтымында, азырынча эч кандай чечим чыга элек.

Буга чейин УКМК БШКга Жогорку Кеңештин 2 депутатынын диплому тууралуу маалымат берген. Алар — Фархат Исмаилов («Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы) жана Фарходбек Алимжанов («Альянс» фракциясы). Бирок Фарходбек Алимжанов диплому жасалма деп таратылган маалыматты калп деп, жогорку билимди кайсы жактан алганын жана керектүү документтерди кошо жарыялаган. Ал эми Фархад Исмаилов үн ката элек болчу. КУУнун проректору депутат Фархад Исмаиловго КУУнун диплому берилбегенин айтты.